Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1914

Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 8 млрд 531 млн сом пайызсыз насыя берилди.

Ведомствонун маалыматына караганда, насыя Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында берилүүдө.

Долбоор 2022-жылдын сентябрь айында ишке киргенден баштап бүгүнкү күнгө чейин, тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 531 млн 885 миң 18 сомду түздү. Аны 11 миң 307 ишкер алган.

Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

Айыл чарбасы каржыланбайт.

Насыя кыргыз сому менен пайызсыз берилет:

Каржылык жардамдын суммасы:

Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.