Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1235

2021-жылдын 31-мартында Кыргызстанда Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо" долбоору ишке киришкен.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоор министрлер кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында башталган.

Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо багытында 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан. Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 451 млн 301 миң сомду түздү. Аны 11 миң 269 ишкер алган.

Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

Айыл чарбасы каржыланбайт жана каражат пайызсыз негизде сом менен берилет:

Каржылык жардамдын суммасы:

Белгиленгендей, керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.

Булак: Кабар