Кыргызстанда орточо айлык 36 миң сомду түздү. Бул ушул жылдын январь айынан октябрь айына чейинки көрсөткүч.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 12 пайызга өстү. Эң көп маянанын жогорулашы дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, транспорт ишмердүүлүгү, суу менен камсыздоо, тазалоо, кайра иштетүү тармактарында катталган.