Анын айтымында жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыккан. Ага ылайык, кооперативдерге бириге турган чакан чарбалардын миллион сомго чейинки насыясын мамлекет жоюп берет. Ал үчүн тамчылатып сугарууга өтүү, товарды сатуу, өндүрүү боюнча планы болушу шарт.
Учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миң 127 га жер бөлүнүп, жалпы 49,42 миллион сом жеңилдетилген кредит берилген.
Булак: "Спутник - Кыргызстан"