Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 2290

Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өскөн.

"2024-жылдын январь-августунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 330 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7%га өскөн. Мындай көрсөткүч тазаланган мунай продуктыларынын 1,7%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн 36,3%га, тамак-аш продуктыларынын жана тамеки каражаттарынын 19,6%га, фармацевтикалык продукциянын 17,9%га, резина, пластмасса каражаттарынын жана курулуш материалдарынын 10,1%га, андан тышкары тесктил жана кийим өндүрүшүнүн 8,1%га өсүүсү менен шартталды", - деди ал.

Шокенов кошумчалагандай, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 39,2%ды, дүң жана чекене соодада 6,2%ды, ошондой эле айыл чарбасында 7,3%ды түздү.

https://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-zhyl-bashynan-beri-idpnyn-k-l-m-798-mlrd-somdu-t-zd/