Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1959

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5 пайыз болду. Дүң жана чекене соода 21 пайыз, айыл чарбасы 3,3 пайызды түздү.

Январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,4 пайыз болду. Алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 6,1 пайыз, азык-түлүк эмес товарлардыкы 1,8 пайыз, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардыкы 1,5 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,6 пайызга жогорулады.

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 2024-жылы январь-май айларында 6,5 млрд долларды түздү. Мында экспорт 4,8 пайызга, ал эми импорт 21,7 пайызга көбөйдү.

Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда.