Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 2272

Мамлекетти талап-тоноолорду, бюджеттин акчасына кол салууларды кескин түрдө токтотуу менен өлкө бюджети толууда. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 12-июлда Сузак районунун Барпы айылында эл менен жолугушууда билдирди. 

"Бүгүнкү күндө мамлекетибиз өсүп-өнүгүү жолуна түштү. Ушул жылдын алты айынын жыйынтыгы менен ИДПнын өсүшү 8,1 пайызды түздү. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында бир гана жолу, 2006-жылы 8,2 пайыз болуп болгон экен. Кудай буйруса, биз ошого жетип калдык. Жыл аягында бюджет мындан да көбүрөөк түзүлөт. Мамлекеттин быйылкы бюджети 65 миллиард сом менен кабыл алынды. Жыл соңуна чейин 700 миллиардка жеткирели деп жатабыз. А келерки жылы 800 миллиардка чыгат. Ошол табылган акчалардын баары өлкөнүн жыргалчылыгына жумшалып жатат. Мурда талап-тоноочулук, элдин, бюджеттин акчасын жегендер болсо, азыр андайды кескин түрдө азайтып жатабыз. Ар бирибиз буга салымыбызды кошушубуз керек", - деди Камчыбек Ташиев.