Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1808

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 6,54 млн сом жеңилдетилген насыя берилгенин Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ААК тарабынан берилүүдө.

2024-жылдын 20-июнуна карата долбоордун алкагында 47 каржылоо субъекттерине 6,54 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт.