Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1552

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.

Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд сом суммасын түзүүдө.  2024-жылдын 14-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 44 каржылоо субъекттерине 6,18 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.