Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 779

2024-жылга карата Кыргызстан насыя боюнча рейтингин жакшыртканын Финансы министрлиги жарыялады. Эл аралык Moody's насыя агенттиги жарыялаган отчетко ылайык, өлкө терс көрсөткүчтөн туруктулукка көтөрүлгөн. Ошондой эле эмитенттин жергиликтүү жана чет элдик валютадагы узак мөөнөттүү рейтинги В3 деңгээлинде. Болжолдоонун өзгөрүшү тобокелдик балансынын туруктуу деңгээлге кайтып келишин билдирет.

Насыя рейтингдери капитал рыногунан инвестиция тартууда компаниялар жана бийлик органдары үчүн маанилүү роль ойнойт. Алар банктан насыя алуунун ордуна, кээде облигацияларды жана насыяга катышуу ноталарын чыгаруу менен инвесторлордон түз карыз ала алышат.

Белгилей кетсек, Moody's — Fitch Ratings жана Standard & Poors агенттиктери менен бирге алдыңкы "чоң үчтүккө" кирет. 1909-жылы негизделген. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашып, компаниянын дүйнө жүзү боюнча 24 өкүлчүлүгү бар. Кызматкерлердин саны 4500 кишиден турат, алар 100дөн ашык өлкөдө финансылык абалды көзөмөлдөйт.