2024-жылдын 23-майына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоордун алкагында республиканын 6 079 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2 434,78 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 186,38 млн сом суммасында 5 295 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 248,4 млн сом суммасында 784 субъектти түзөт.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.