Бүгүн, 23-майда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык финансы форумуна катышты. Ал анда Кыргызстандын өнүгүүсүнө болгон көз карашын айтты.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүүгө чыкты, бир гана жаңы ишканалар ачылбастан, толук кандуу тармактар жана багыттар орун алып, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө.
"Кечээ жакында Moody's рейтинг агенттиги тарабынан берилген баа өзгөртүлдү. Анда Кыргызстан өкмөтүнүң кредит боюнча рейтинги негативден туруктуулукка карай өзгөрүүгө учурады. Эми B2нин баасына жетүүгө умтулуу керек. Бирок бул үчүн баарыбызга өлкөбүздүн таанымалдыгын жогорулатуу жана рыноктун жагымдуулугун арттыруу боюнча тынымсыз иштөөгө туура келет.
Өлкөнүн ИДП көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе өстү жана 2023-жылы 1 триллион 228 миллиард сомго жетти.
ИДПнын өсүшү орточо эсепте 7 пайыздан кем эмес. Банктардын капитализациясы 2019-жылы 42 миллиард сом болчо, 2023-жылдын соңунда 104 миллиард сомго жетти. Таза киреше 2,9 миллиард сомдон 24 миллиард сомго жетти. Кредиттик портфель дагы эки эсе, 257 миллиард сомго өстү", - деди Жапаров.
Ошондой эле МинКаб төрагасынын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстан ылдыйкы кирешелүү өлкөлөр категориясынан чыкты.
"Биздин өлкө адамдык капитал жана жаратылыш ресурстарына бай. Биздин жерибиз бай. Азыр бизге кайраттуу жана акылдуу өлкө болуу абдан маанилүү. Мамлекет экономикадагы алдыңкы ролду өзүнө алды. Биз эми "түнкү күзөтчү" болуудан калдык. Көрүнбөгөн колго таянууну токтоттук", - деди Акылбек Жапаров.