Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 637

"Бүгүн биз алдыбызга амбициялуу максаттарды коюп жатабыз", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизация боюнча кеңешмеде.

Ал Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жетекчилиги астында жакынкы жылдары экономиканын өсүү темпин мындан дагы ыкчамдатып, 2030-жылга чейин экономиканы эки эседен ашык көбөйтүүгө, ИДП көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышканын белгиледи.

"Бул максатка жетебиз деген үмүтүм чоң. Кудай буюрса, элибиздин, ишкерлер чөйрөсүнүн колдоосу менен ушул деңгээлге чыгабыз!

Эң башкысы, мындай натыйжа 2050-жылга чейин улуттук экономикабызды 200 миллиард АКШ долларына жеткизүүгө негиз болуп бериши керек.

Муну улуу максат, бийик амбиция, жалпы улуттук кыялыбыз десек да болот!

Биз азыр жакыр мамлекеттердин катарынан чыга алдык. Келечекте күчтүү, дөөлөттүү мамлекет болушубуз керек. Дал ушул сыяктуу эле бүгүнкү күндө ар бир ишкер өзүнүн алдына амбициялуу максаттарды жана милдеттерди коюшу керек деп ойлойм. Ошондо биз мамлекеттин, элдин, бизнес менен коомчулуктун, шаар менен элеттеги калктын бардык катмарынын бирдиктүү жана ынтымактуу аракети менен гана улуттук өнүгүүгө жетебиз!", - деди.

Ошондой эле бул аткарылып жаткан иштер жеке жарандан тарта жалпы журттун бардык катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталганын айтты.

"Мындан ары саналуу гана чөйрө, бир ууч эле топ байыгандай болбошу керек. Буга чейин базар экономикасынын “көмүскө колу” өнүгүү кереметин өзү эле жаратып, баардыгыбызды жыргатып, мамлекетибизди гүлдөтүп салат деген неолиберализмдик идеология жайылган эле.

Биз мындай принципке сокур ишеним менен жетеленип, канчалаган жылдарды текке кетирдик.

“Мамлекет начар башкаруучу”, “экономикада өкмөт эч кандай роль ойной албайт” деген кептер айтылып келгенин билесиздер. Бул көз караш мамлекеттин, карапайым элдин кызыкчылыгына каршы келген жалган идеология экенин, аны менен эч кандай өнүгүү болбостугун, тескерисинче, өлкөбүз тонолуп-талкаланып, жок болуп кете жаздаганына да күбө болдук. Эмгек мигранттарыбыздын которгон акчаларына көз каранды болуп, экономикабызда ошол которулган каражаттардын эбегейсиз ролу боюнча дүйнөлүк рекордчуга айландык.

Карапайым элибиз: аялы-эркеги, жаш-карысы дебей кары-картаң ата-энелерин, жаш балдарын аргасыздан таштап чет өлкөлөрдө кор болуп, жер жүзүн кыдырып иш издеп келгенин кантип унутабыз?

Биз мындай көрүнүштөрдүн андан ары улануусуна жол бербейбиз.

Мамлекет эл үчүн иштейт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын ар бир чечими, ар бир мыйзамы жана ар бир токтому бир ууч топтун же бир нече үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатат деп толук ишендире аламын.

Мага Бириккен улуттар уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын: “Эч кимди артта калтырбайбыз!” деген урааны жагат. Кудай буюрса, биз дагы, мындан ары эч кимди артта калтырбайбыз!" - деп белгиледи өлкө башчы.