Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 782

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү 341,7 млрд сомду түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматта айтылгандай, реалдуу өсүү темпи 107,4 пайызды (2023-жылдын январь-апрелинде – 102,1 пайыз) түздү.

Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалды. Ага ылайык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 1,5 эсеге, тейлөө чөйрөсүндө – 6,6 пайызга, өнөр жайда – 2,5 пайызга, айыл чарбасында – 2,1 пайызга өстү.

2024-жылдын январь-апрель айларындагы экономикалык өсүш негизинен, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы көлөмдөрдүн көбөйүшү менен шартталган.