Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 925

Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун 9 миң 715  ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом берилген.

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1214 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 1 млрд 855 млн 879 миң сомду түзгөн.

Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.