Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 811

Грузияда (Тбилиси) Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Тереза ​​Червинсканын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы суммасы 112 миллион еврого бир нече ири долбоорлор талкууланып, анын 72 миллион евросу ишке ашырылганы тууралуу маалымат берилди.

Маалымат үчүн: 2013-жылдын 17-сентябрында Брюсселде Кыргыз Республикасы менен ЕИБнын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. ЕИБ менен кызматташуунун жүрүшүндө 112 миллион евролук 3 келишимге кол коюлган:

- CASA 1000 – 70 миллион евро (өзгөрүлгөн, бирок Банктан 9 миллион евро кошумча каржылоо суралган);

- Суу менен камсыздоо – 20 миллион евро (2 миллион евро өздөштүрүлгөн);

 - Агро чынжыр – 22 миллион евро (өздөштүрүлө элек).