Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд сомду түздү.
2024-жылдын 25-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 10 каржылоо субъекттерине 1,4 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.