Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1882

Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстан электр энергиянын таңкыстыгына туш келгендиктен, аны сырттан сатып алууга мажбур. Өткөн жылы эле электр энергиянын импорту 3,2 млрд киловатт-саатты түздү, анын баасы 8 миллиард сом. Бул буга чейинки электр энергиянын импортун басып өтүп, рекорд койду. Импорттук электр энергияны жеткирүүчүлөргө берилчү каражат  тең салмактанбаган тариф саясатынан улам республикалык бюджеттен каралат, башкача айтканда экономиканын башкы тармактарынан (тейлөө кызматтары, соода, өнөр жай ж.б.) энергетикалык сектор субсидияланат. 

Жыл сайын ИДПнын өсүп жатканы жана жаңы турак жай аянттарынын пайда болушу Кыргызстандагы электр энергияга болгон суроо - талапты жылына орто эсеп менен 5-7 пайызга көбөйтүүдө. Бул жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн абдан ылдыйлашы электр энергиянын таңкыстыгын 5-6 миллиард киловатт-саатка жеткирет, бул таңкыстык кайра эле импорттук электр энергиянын эсебинен жабылат, а сатылып алынган электр энергиянын жалпы баасы эки эсеге жогорулайт. Андан тышкары, КР Финансы министрлиги мындан ары жакында эле ага өткөрүлгөн субъекттер - Бишкек ЖЭБи менен "Бишкекжылуулуктармагын" кошумча каржылашы керек. 

Электр энергиядагы таңкыстыкты жана акча каражаттарын жабуу үчүн 2022-жылы сунуштагам: тариф саясатына өзгөртүү киргизүү керек. Бирок тилекке каршы, сунушум эске алынган жок. Социалдык акыйкаттуулукту алып жүргөн үч ставкалык тарифти киргизүү менен байлар көп төлөөгө өтсө, энерго тармактын жыл сайын 10 миллиард сомго чейин кошумча пайда табышына келип келмек. Аны менен катар калк электр энергиясын үнөмдүү пайдалана баштамак да,  Токтогул ГЭСинде суунун көбүрөөк топтолушун шарттамак. Анын ордуна 2023-жылдын май айынан тартып электр энергияга болгон баа социалдык нормада 700 кВтч - 77 тыйындан 1 сомго чейин көбөйтүлдү. 

Энергетикалык кризистин учурдагы кыска мөөнөттүү абалынан чыгуу жана электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн Бишкек шаарындагы ТЭЦте өндүрүлгөн электр энергиясын кеминде 600 МВт кубаттуулукта көбөйтүү маселесин иштеп чыгуу зарыл. Ал үчүн «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы аркылуу жаратылыш газын берүүнү көбөйтүү керек. «Кыргызгаз» ААКсында иштеген кезимде «УзТрансГаз» ААК жана «Өзбекэнерго» ААК менен түзүлгөн келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын түндүгүнө жаратылыш газын берүүнүн көлөмү 700 миллион м3 ашуунду түзгөн, мында Бишкек ЖЭБине эле жалпы көлөмдүн 40 пайызы туура келген.

Орто мөөнөттүү келечекте (2024-2025-жылдар) Кара-Балта ЖЭБин экологиялык жактан таза отун – жаратылыш газын пайдалануу аркылуу, жылуулук жана электр электр энергиясын (кеминде 600 МВт) өндүрүү менен толук модернизациялоо вариантын карап чыгууну сунуштайм. Өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы импорттук жаратылыш газынын өздүк наркына жараша болот жана ал импорттук сатып алынган электр энергиясынан төмөн болушу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Газпром» ААКсы аркылуу жаратылыш газын узак мөөнөттүү жеткирүүнүн баасы жана көлөмү боюнча сүйлөшүүлөрдө чечүүчү ролду ойношу керек (жылына 1 млрд. м3).

Газ электр станцияларынын негизги артыкчылыктарынын бири -  ишенимдүү бөлүштүрүлгөн электр энергиясын камсыз кылуу болуп саналат. Бул жогорку жүктөмдөрдүн учурунда тармактын туруктуулугу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Жаратылыш газынын маанилүү ролу бүткүл дүйнөдө таанылган жана Кыргызстанда 2030-жылга карата жаратылыш газынан электр энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн 25%га чейин жогорулатуу зарыл.   

Кубанычбек Жусупов, КР энергетика министринин мурдагы орун басары