2024-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча 1,7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750,0 млн сомдук каражаттар каржыланды.
Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтурууга багытталган.