Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1501

Кыргызстанда буга чейин өндүрүш тармагы өнүкпөй келген. СССРден калган завод-фабрикалар эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда эле таланып жок болгон. 

Бирок акыркы 3 жылдан бери өндүрүштү өнүктүрүү Кыргызстанда чечкиндүү колго алынды. Ошондой эле инвесторлорду тартуу аракети күч алды. Мисалы, акыркы жылдарда эле 60 ишкана пайдаланууга берилип, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлдү. Ал эми быйылкы жылдын соңуна чейин 100 ишкананы ачуу пландалган. Анын бири - инвестициялык долбоору 150 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Кытай биргелешкен долбоору. Анын негизинде ачылган ишкананын жакында ачылышы болду. Эми Кыргызстан өзү жылына 80 миң унаанын түрлөрүн чогулта баштайт. Ошону менен жеңил гана эмес, оор өндүрүшкө басым жасалууда.