Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 125

КР Соода-өнөр жай палатасынын алдында туризм боюнча комитет түзүлгөнүн Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Жетекчи Темир Сариев туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады.

Палатанын президентинин айтымында, ИДПнын түзүмүндө туризм 5-7%ды түзөт, бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок туризм тармагында биргелешкен күч-аракет менен чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар.

Жаңы комитеттин негизги милдети туризм тармагынын ишин системалаштыруу жана Кыргызстанда туризмди жагымдуу кылуу үчүн жаңы стандарттарды жайылтуу болмокчу.

Жыйындын жүрүшүндө туризм боюнча комитеттин төрагалыгына SAT туристтик компаниясынын директору Данияр Казаков шайланды. Туризм тармагында да активдүү иштеген Гүлмира Карымшакова комитеттин орун басарлыгына дайындалды.