Кыргызстанда инфляциялык процесстер басаңдап баштаганын Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.
Ал өткөн жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024-жылдын январында – 5,9 пайызды түзгөнүн белгиледи.
"Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген. Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган", - деди расмий өкүл.
Айтымында, тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо.