Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 377

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен айрым учурларда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документи каралган.

Мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.  

Соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес болбой турган мөөнөт – 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат.

Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.