2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын өсүшүн салыштырып келгенде Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген. Бул тууралуу КР Финансы министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка таянсак, өлкөнүн экономикасынын өсүп жаткандыгы эки көрсөткүчтөн белгилүү болгон.
1. 2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда – 113,9%, Кыргызстанда – 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган. Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген.
2. 2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомдун айланасында болсо, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 574,5 миллиард сомдон ашты. Мамлекеттин ички дүң продукциясы триллиондук чектен өттү.