Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 3 жыл толду. Буга карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 3 жылда президент тарабынан аткарылган иштерди тизмектеди.
"Тышкы карыз боюнча милдеттенмелерибиз бар. Ушул жылдары эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөй турган убак келди. 2023-жылдан тартып ири суммадагы карыздарды кайтаруудабыз. Мисалы, 2023-жылга 344 миллион доллар карыз туура келсе, 2024-жылы 400 миллион доллар, 2025-жылы 430 миллион доллар төлөшүбүз керек. Так ушул кырдаал өнүгүп жаткан мезгилибизге туура келгени да өзүнчө төлгө.
Азыр биздин экономисттердин, финансисттердин айтканы боюнча, буларды төлөөгө толук мүмкүнчүлүк дагы, ишеним дагы бар. Ошол эле убакта салык, бажы көрсөткүчтөрүн көтөрбөстөн, ыңгайлаштырбастан, мурдагы режим боюнча калтырабыз. Болгону көзөмөл, тартип, жоопкерчилик маселеси күчөтүлдү. Ошондой эле жаңы кадрлар, жаштар менен толукталганы да ушул ишенимди бекемдеп жатат.
Бүгүн 3 жылды жыйынтыктап жатып айтсак, президент Россияга, Өзбекстанга, Түркияга ж.б. өлкөлөргө барганда кол коюлган, ишке аша турган экономикалык пакет - келишим менен келип жатты. Анын негизинде фонддор ачылды. Кыргызстан-Өзбекстан фонду, Кыргызстан- Азербейжан фонду, Кыргызстан - Россия фонду бүгүнкү күндө аракетте. Долбоорлорду ишке ашырышууда, экинчи этабына май айынан өткөнү турушат. Түз каржылоо иштери жүзөгө ашырылууда", - деди мамлекеттик катчы.