Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 283

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 100 млн 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталганын Эсептөө палатасынан  билдиришти.

Каржылык мыйзам бузуу 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында аныкталган.

Такталган карылык тартип бузуунун ичинен:

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 млн 290,7 миң сом;
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн 459,8 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу –77 млн 288,0 миң сом,
мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар – 2 млн 949,6 миң сом.