Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканын экономика министринин орун басары Чоро Сейитов маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, инфляция 14 пайыздан 7 пайызга төмөндөдү. Ал эми 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7 пайызга чейин төмөндөтүүнү улантуу пландалган.
Улуттук банк 2023 -жылдын жыйынтыгында инфляция 7,3 пайызды түзгөнүн кабарлаган. Ал эми 2022-жылдын аягында бул көрсөткүч 14,7 пайызды түзгөн.