Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 111

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20 пайызга чейин салым кошууга жөндөмдүү экенин белгиледи.

"Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Россия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө", - деди министр.