Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 99

2023-жылдын январь – ноябрында Кыргызстанда ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 1 трлн 72,6 миллиард сомду түздү. экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосуна таянып, ошону менен экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4 пайызды түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3 пайызга жеткен.

"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5 пайызды түзөт, өнөр жай, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлордун аркасында, ал эми инфляциянын деңгээли (2023-жылдын декабры 2022-жылдын декабрына карата) 10 пайыздан төмөн болжолдонууда, бул бир жагынан азык-түлүк инфляциясынын өсүшүнүн уланып жаткан басаңдашы, экинчи жагынан инфляциялык күтүүлөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы жана туруктуу базалык инфляция менен шартталган", - деди Амангелдиев.

Маалым болгондой, экономика секторлорунда көрсөткүчтөр 2023-жылдын январь – ноябрында төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,3 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 5,6 пайызга, өнөр жайда – 1,6 пайызга, айыл чарбасында-0,3 пайызга өстү.