Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 331

Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көтөрүү пландаштырылууда.

“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, - дди ал.

Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү.  2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5 пайызга өстү.

2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгашалары 80 млрд 462,8 млн сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттик чыгашалар 16 млрд 855,9 млн сомго же 126,5 пайызга өскөн.

2023-жылдын 11 айында республикада пенсияны каржылоо 67млрд 624,5 млн сомду түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине карата 15 029,3 млн сомго көп.

2023-жылдын 11 айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3910,1 миллион сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 324,1 миллион сом каржыланган.

Пенсияга кеткен чыгымдардын көбөйүшү Социалдык фонд улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын айгинелейт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 765,8 адамды түзөт, анын ичинен 173,2 адам же жалпы сандын 23 пайызы «Кыргызпочтасы» филиалдары аркылуу, 592,6 адам же 77 пайызы республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат.

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68 миң 964 жаранга пенсия чектеди.