2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаевдин катышуусунда Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кеңешинин 18-отуруму болуп өттү. Министр валюталык активдерди алмашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан финансылык операциялардын ийгиликтүүлүгү тууралуу белгилеп, бул келечекте фонд үчүн бизнести улуттук валютада каржылоону көбөйтүү боюнча мыкты мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгиледи.
Күн тартибинде РКӨФ ишмердүүлүгү жөнүндө актуалдуу маселелер талкууланды, атап айтканда, кредиттик портфелдин сапатын жакшыртуу боюнча иштин жыйынтыктары, РКӨФнын 2024-жылга карата бюджетин жана финансылык планын бекитүү, РКӨФ стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жол картасы каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча фонддун Кеңешинин 20дан ашык чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 01.12.2023-жылга карата 3 383 жактырылган долбоор боюнча жалпы суммасы 612 млн АКШ долларын, анын ичинде түз каржылоо боюнча – 116 долбоорду (375 млн АКШ доллары) жана чакан орто бизнести колдоо программасы боюнча – 3 267 долбоор (237 млн АКШ доллары).
Фонддун долбоорлору агроөнөр жай комплекси жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өнөр жай өндүрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм, медицина, билим берүү жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду кошкондо өлкөнүн экономикасынын бардык артыкчылыктуу тармактарын камтыйт.