Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 391

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында Кыргызстанда ушул жылдын январынан тартып ноябрга чейинки убакыт аралыгында ИДПнын көлөмү 1 триллион 72,6 миллиард сомду түзгөнүн айтты. 

"Ага ылайык экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3 пайызга жеткен.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5 пайызды түзөт, өнөр жай, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлордун аркасында, ал эми 2023-жылдын декабры 2022-жылдын декабрына карата инфляциянын деңгээли 10 пайыздан төмөн болжолдонууда. Бул бир жагынан азык-түлүк инфляциясынын өсүшүнүн уланып жаткан басаңдашы, экинчи жагынан инфляциялык күтүүлөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы жана туруктуу базалык инфляция менен шартталган", - деди министр.