Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 120

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралып жатканын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20 пайызга чейин салым кошууга жөндөмдүү экенин белгиледи.

Айтымында, бул жылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү. Мындан улам өлкөдө мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Россия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө", - деди министр.