Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар 15,5 миллиард сомду түзгөнүн Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда мамлекектке келтирилген зыяндын жабуу үчүн ыктыярдуу же мажбурлоо түрүндө алынган акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле КР Финансы министрлиги болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсептерине которулат.
Булар Министрлер Кабинетинин бир катар токтомдоруна ылайык ишке ашырылат. Алар:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 токтомуна ылайык укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кылмыштар жана жоруктар үчүн мамлекетке кайтарылган каражаттар тиешелүү органдардын казыналык депозиттик эсептерине чегерилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачылган.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы No 585 токтомуна ылайык.
Жогорудагы үч токтомго ылайык түшкөн каражаттар 15 562,65 миллион сомду түзөт.
2020-2023 жылдары түшкөн каражаттар:
- 2020 жылы Депозиттик эсептерге - 2 719,4 млн сом;
- 2021 жылы КР Финансы министрлигине - 1 915,9 млн сом;
- 2022 жылы КР Финансы министрлигине - 4 137,6 млн сом;
- 2023 жылы КР Финансы министрлигине - 6 789,7 млн сом түштү.
Жалпысынан 2020-2023-жылдар аралыгында 15 562,65 млн сом суммасында каражат түшкөн.