Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 535

КР Финансы министри А.Бакетаев маалымат жыйынында Кыргызстан триллиондук чекти басып өткөнүн билдирди.

“Биринчиден, мамлекет башчыбыздын саясий эрки менен триллиондук чектен өттүүгө жол түзүлдү. Бүгүн президентибиз Садыр Жапаров бизге так багыт берип жатат. Мындай бийиктиктерге жетүү үчүн ал чоң жоопкерчиликти өзүнө алып, бардык мамлекеттик органдарга өз милдетин ачык, айкын аткарууну тапшырды. Министрлер кабинети да өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн саясатын түздү. Иш-чаранын пландары так түзүлүп, аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө социалдык төлөмдөр боюнча буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң көлөмдөгү каржылоолор жүрүп жатат. Ошону менен бирге экономиканын өнүгүүсүнө инвестиция салып жатабыз. Биздин жетекчиликтин саясий эрки менен өлкө экономикалык жактан чоң секирик жасады. Баса белгилеп кетүү зарыл, буга чейин мамлекеттик бюджеттин кирешеси мындай көрсөткүчтөгө жеткен эмес.  Бул бизге келерки жылы профицитке жетишүүгө мумкундук берет”, - деди Бакетаев.