Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментиндеги мыйзам бузуулар боюнча Финансы министрлиги билдирди.
"2022-жылы Бишкек шаарындагы "Жаштык" СК базасында аялдар күрөш залын курууга түзүлгөн келишимдеринин негизинде "Чин Алин" ЖЧК подряддык уюму тарабынан 94 193,0 миң сом суммасында которулуп, бюджетке 1 718,2 миң сом кайтарылган, аткарылган иштердин көлөмү 93 845,24 миң сомду түздү, анын ичинен 2,1 млн сом негизсиз, аткарылган иштердин ырастоочу актылары жок которулган.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кеңешчисинин штаттык бирдиги негизсиз кармалып, анын эмгек акысына 370,0 миң сом, иш сапарына 10,1 миң сом сарпталган.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын бузуу менен кызматтык автотранспортту оңдоого конкурс өткөрбөстөн 25,6 миң сом сарпталган. 174,2 миң сом суммасында Күйүүчү жана майлоочу майлар негизсиз эсептен чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 29-июнундагы 2017-жылдын 97-П буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобону бузуу менен жетекчинин буйругун (тескемесин) чыгарбастан, өкүлчүлүк жана башка чыгымдарга сатып алуу жана чыгымдоо жөнүндө актыларды түзүү жолу менен директордун кабылдамасы үчүн 19,0 миң сом суммасындагы акча каражаты эсептен чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-августундагы 2008-жылдын 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомун бузуу менен 5,0 миң сом суммасында транспорттук чыгымдар төлөнгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзулгөн аудиттин негизинде 2 108,4 миң сом суммасында республикалык эсептин кирешеси калыбына келтирилгенин белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.