Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 479

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда 2024-жылы пенсия жана пособиенин көрсөткүчү инфляция деңгээлинен жогору болоорун маалымат жыйынында айтты. 

Ошондой эле, ал кошумчалагандай, индексация айрым категориядагы калктын айлык акыларына да тийиштүү болот. 

"Учурда Министрлер Кабинетинде бюджет кирешелерин бөлүштүрүү жүрүп жатат. Пенсия адаттагыдай эле октябрь айында индексацияланат. Ошондой эле бийлик колдоого муктаж болгон категориядагы калкка да көңүл бурууда. Ал реабилитациялык борборлорду ачуу менен ишке ашырылат", - деди Байсалов.