Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 111

Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги  мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча натыйжалуу иштердин жыйынтыгында бюджетке түшүүлөр боюнча тарыхый көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20 млрд 536 млн сомду түздү, анын ичинде: дивиденттерден – 16 млрд 770,1 млн сом, мамлекеттик ишканалардын кирешесинен - 201,2 млн сом, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 142,3 млн сом, менчиктештирүүдөн – 2 млрд 68,2 млн сом, финансылык эмес активдердин эсебинен акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер - 1 млрд 335,5 млн сом жана башка кирешелерден 11,2 млн сом түшкөн.