Кыргызстанда 2023-жылдын 20-октябрына карата агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анда айтылгандай, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.
Алар: «Айыл Банк» ААКна - 11,1 млрд сом, «РСК Банк» ААКна - 5,9 млрд сом. Банктарга бөлүнгөн бул каржаттар агроөнөр жай ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн каралат.