Он айда Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1,6 миң кепилдик берилгенин аталган фонддон билдиришти.
“Аялдардын ишкердиги Кыргызстандын экономикасында динамикалуу өнүгүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кепилдик фонд 765 миллион сомдон ашык суммага 1630 кепилдик берүү менен аялдардын ишкердигин колдоого алды.
Ишкер аялдар ар түрдүү тармактарда активдүү иш алып барышат. 2023-жылдын башынан бери жана 31-октябрга карата берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41 пайызды түздү.
Бул мезгилдеги статистикалык маалыматтарга ылайык, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 52 пайыздан ашыгы ишкер аялдарга берилген.
Калган 48 пайызы башка тармактарды өнүктүрүүгө, анын ичинде: курулушка, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр, өнөр жай, туризм, соода жана ипотекага жумшалды. Быйыл кепилдик ишкерлерге дээрлик 1 миллиард 850 миллион сом өлчөмүндө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Бул мезгилде аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн кепилдик фонддордун дээрлик 60 пайызы аймактарга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен: кепилдик каражаттардын жалпы суммасынын 15,1 пайызы Жалал-Абад облусуна, Ош облусуна – 9,2 пайыз, Чүй облусуна – 7,4 пайыз Ысык-Көл облусуна -7,1 пайыз, Баткен облусуна – 6 пайыз, Ош шаарына – 5,8 пайыз, Талас облусуна – 4,8 пайыз, Нарын облусуна – 3,3 пайыз жөнөтүлгөн.