Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, ишкерлерге 145,1 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350 миллион сом суммасын түзүп жатат. Белгилей кетсек, насыялар Баткендин 162 ишкерине берилген.