АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу "Азаттык" "Америка үнү" (Voice of America - ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды.
Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.
“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам”, - деп жазылган катта.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде тзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан.
"Кайсы өнүмдөр жана товарлар санкциянын алкагында кандай кооптонуу жаратып жатканын чогуу карап иш жүргүзгөнгө толук даярбыз", - деген министр.
Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген.
Амангелдиев буга карабай кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.
Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.
Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.