"Агроөнөржай комплексин насыялоо" долбооруна 6,8 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, фермерлерди жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуу максатында “Агроөнөржай комплексин насыялоо” долбоору улантылууда. Ал боюнча 2023-жылга 6,8 млрд сом каралган, бүгүнкү күнгө карата 6,8 млрд сом бөлүндү. Башкача айтканда 100 пайыз аткарылды.
Ошондой эле, айыл чарбасын каржылоонун жалпы суммасы 3,1 млрд сомго жетти.