Кыргызстандын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38 миң 774 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Анын ичинде 2023-жылы июнь айында 4 миң 583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.