Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 113

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында кыргыз-азербайжан бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинен билдиришти.

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2023-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында кыргыз-азербайжан бизнес-форумун өткөрүүнү пландаштырууда.

Бизнес-форум Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы бизнестин өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер мамилелерди орнотуу үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат.

Бизнес-форумдун багыты туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу, маркетинг жана консалтинг сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот.

Буга байланыштуу кызыкдар ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырабыз.

Катталууга шилтеме: https://forms.gle/42G6WGQm6qRmoxBJ7

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0707-92-50-50 (Тыныбеков Бекжан), 07-502-502 (Исмаилова Акмарал)", - деп айтылат маалыматта.