Салык жаатындагы өзгөртүүлөр, анын ичинде ККМди милдеттүү колдонууга киргизилиши өлкө казынасынын толушуна өбөлгө болууда. Мындай пикирин эксперт Кеңешбек Алимбеков билдирди.
- Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон бери көңүл бурулбай, тиешелүү иш аракеттер жана алдын алуу чаралары жүргүзүлбөгөндүктөн көмүскө экономиканын деңгээли абдан өскөн. Ал ички дүң продукциянын 50 пайызына туура келээри айтылууда. Айрым эксперттер 60 пайызга чейин көтөрүп белгилешет. Учурдагы бийлик келгенден тартып бул жаатта бир топ иштер ийгиликтүү жүргүзүлүп, ачык экономика орнотууга киришти. Анын өзгөчө инструменти катары ККМди киргизишти. Натыйжада, мурда сол чөнтөккө кетип жаткан акчалардын баары азыр бюджетке түшүп, өлкөнүн социалдык –экономикалык акыбалын бир топ оңдоого шарт түзүлдү.