Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 109

Өлкөдө жылдын биринчи кварталында 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов маалымат жыйынында билдирди.

Алпландык көрсөткүчтөр 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын, башкача айтканда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 8 млрд сом көп чогулганын белгиледи.

“Анын ичинде бюджетке салыктар боюнча 40 млрд сом, камсыздардыруу төгүмдөрү 14,5 млрд сом чегерилди. Пландын ашыгы менен аткарылышына башкарууну жакшыртуу, “СМАРТ-салым” долбоорунун алкагында электрондук коштомо кагаздарды жана контролдук-кассалык машиналарды киргизүү оң таасирин берди”, - деди.