Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев Кыргызстанда 2023-жылдын январь-мартында ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 184 миллиардга жакын сомду түзгөнүн билдирди.
Ал аталган көрсөткүч 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,6 пайызга өскөнүн белгиледи.
Айтымында, 2023-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмү 92,5 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,6 пайызга, химиялык продукция (36,4 пайызга), фармацевтикалык продукция (19,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык иште (16,2 пайызга), негизги металлдар (13,6 пайызга), резина пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (10,7 пайызга), , тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамекиге (тамеки 3,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (21,4 пайызга) көбөйгөн.
Ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 2,4 пайызды, айыл чарбасында - 1,9 пайызды, дүң жана чекене соодада - 11,8 пайызды түздү.