Кыргызстандын жаштары айыл чарбадагы бизнести өнүктүрүшөт. Бул тууралуу “Жаштардын потенциалы – маанилүү социалдык-экономикалык кыймылдаткыч катары” аттуу тегерек столдо белгилүү болду.
Бул долбоорду “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси уюштуруп, Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган. Долбоордун алкагында Айыл чарба министрлиги менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Эмне себептен жаштар жана айыл чарба? Себеби жөнөкөй – жаштарды айыл чарбага ыктаган ишкерчиликке кызыктыруу менен аймактардын жаш тургундарын жумуш орду менен камсыздоо маселеси чечилет. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, айыл чарбанын кени аймактарда. Аны менен катар облус, райондордон квалификациялуу кадрларды даярдап чыгаруу жана инновациялык өнүктүрүү айыл чарбанын өнүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттырат.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жаштар аркылуу айыл чарбанын экинчи деми ачылаарын белгиледи.
Ал эми маданият министринин орун басары Марат Тагаев мамлекеттик жаштар саясаты жаштардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө, жаштарды өнүгүүнүн негизги ресурсу катары калыптандырууга, жаштардын демилгелерин кубаттоого багытталганын белгиледи.
Бүгүнкү күндө жаштар арасында айыл чарба жаатындагы ишкерчиликти тандап алгандар көп кездешет. Ошол эле аары, балык өстүрүү Кыргызстанда популярдуу ишкерчиликке айланууда. Жаштарды айыл чарбага тартуу аракеттери ыргактуу жүрө турган болсо, аталган долбоор менен бир убакта эки маселе чечилет: жаштарга жумуш оруну даяр жана айыл чарба өнүгөт.