2023-жылы Мамлекеттик салык кызматына 248 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планы коюлду. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Ал белгилегендей, 248 миллиарддын ичинен салык боюнча 196 миллиард сом, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 51 миллиард сом чогултуу пландалып жатат.

“Коюлган планды салыктарды фискалдаштыруу жана көмүскөдөн чыгаруу менен аткарабыз деп жатабыз”, - деди Абдувапов.